Коом

Боюнда бар аялдын укугу бузулду, феминисттер унчукпайт го…

Борбордук Азиядагы Америка Университетинин (БААУ) президенти Эндрю Качинс кош бойлуу кызматкер Алинага кыйкырып, ыдык көрсөткөндүгү тууралуу маалымат тарады. Ага себеп PR бөлүмүнүн кызматкерлеринин университет тууралуу терс сүрөттөрдү отчеттордо сактап жүргөнү болгон.

Интернет колдонуучу Самира Алтынбекова бул тууралуу өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында жарыялап, университеттин башчысы PR бөлүмүнүн кызматкерлери отчетто эмне үчүн терс жаңылыктарды сактап калышкандыгына жана аларды маанилүү жолугушууда алып чыккандарына кызыккан.

Жетекчи «булардын артында кимдир бирөө турат » деп кыйкырып, кош бойлуу Алинадан телефонун тартып алган.

Кызматкеринин “кабарга отчет берип туруу алардын милдети” экендиги тууралуу түшүндүрмөсүнө жетекчи ынанган эмес.

Натыйжада кош бойлуу Алинанын боюнан түшүп калуу коркунучу болуп, ал ооруканага жеткирилген. Аялдын күйөөсү администрацияга арыз менен кайрылган.

Бирок, БААУнун администрациясы азырынча эч кандай жооп бере элек.

Демейде, чачын жулуп “аялдардын укугун коргоп атабыз” деп митингге чыга калган феминисттерден дагы дайын жок.

Бул окуя аларды ойлондурбайбы?!

Боюнда бар аял, болгондо дагы БААУнун кызматкери, аз жерден баласын жоготуп ала жаздады. Эмнеге буга көңүл бурбайсыңар.

Же силерде кош стандарттуулукпу?! Ким акча төлөсө кыйкырып, митинг уюштуруп, анан акча төлөгөндөр тараптан укук бузуу болсо, боюнда бар аялга күрсүлдөгөн Эндрю атТуу эркек адам кыйкырып, боюунан козголуп, ооруканага жатса, феминизмди колдогондор, силер, башыңарды катып,  дымып калганыңарды кандай түшүнсөк болот?!

Мунуңар жакшы эмес.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button