Коом

Ысык-Көлдө скутер тебүүгө тыюу салуу сунушталды

Маалыматта айтылгандай, тиешелүү мыйзам долбоорун депутат Элдар Сулайманов иштеп чыкты.

Эскерте кетсек, акыркы жылдары Ысык-Көлдө гидроциклдин катышуусу менен болгон кырсыктар көп катталып, анын айынан адам өмүрү кыйылган учурлар да бар. Анын майы көлдүн сууну менен аралашып экологияга терс таасирин тийгизип, эс алуучулардын ден соолугу үчүн кооптуу кырдаал жаратууда.

Суу мотоциклин өзгөчө кырдаалдарда гана колдонууга уруксат берилет.

Мыйзам бузган жарандарга 5 миң сом айыппул салуу каралган. Эгер бул жосун кайталанса, 15 миң сом айып салынат.

Ал эми юридикалык жактар үчүн 10 миң сом айып каралган (кайталанган учурда 20 миң сом айыпка жыгылат).

Белгилей кетсек, аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каттоого алынды, бирок азырынча карала элек.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button