Коом
Өзбекстан менен Кыргызстандын чектешкен аймагында жер титиреди

5-майда саат 14:16да Өзбекстан менен Кыргызстандын чектешкен аймагында очогунда күчү 3,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды.
Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөө Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Баястан, Ажек, Ызар, Кара-Үңкүр айылдарында 3 балл, Ала-Бука, Ак-Коргон Достук айылдарында жана Чаткал районунун Сумсар айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөө Баястан айылынан 12 чакырым түштүк чыгышта, Ызар айылынан 15 чакырым түштүк чыгышта, Ажек айылынан 15 чакырым, Ала-Бука айылынан 20 чакырым түштүк чыгышта жайгашкан.
Алдын ала маалыматка ылайык, жер титирөөнүн кесепетинен жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.



