Саясат

Пара алууга шектелген Азамат Дыйканбаев эки айга камакка алынды

Министрлер кабинетинин төрагасынын мурдагы орун басары — санариптик өнүгүү боюнча министр Азамат Дыйканбаев эки айга УКМКнын абагына киргизилди. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы кабарлады.

Аны камакка алуу чечими кечээ кабыл алынган.

Дыйканбаев «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабын ишке ашырып жаткан чет элдик компаниянын өкүлүнөн пара алды деп шектелип жатат. Ал кечээ иштен бошотулуп, ордуна Дастан Догоев келген.

Дыйканбаев өкмөттөгү кызматка 5-майда дайындалган. Ага чейин Санариптик өнүктүрүү боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчисинин орун басары болуп иштеп турган.


Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button