Окуялар

Бишкекте кафенин тамагына ууланып ооруканага кайрылгандар 85ке жетти

Бишкектеги кафеден ролл жеп ууланып ооруканага кайрылган адамдардын саны 85ке жеткенин Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалымат бүгүн, 25-октябрь, саат 7:30га карата алынды.

Эске салсак, кечээ «Империя пиццы» кафесинин тамагына ууланып 12 адам Темир жол ооруканасынын жугуштуу илдеттер бөлүмүнө түшкөн. Анын үчөө жаш бала болчу. Бейтаптар ооруканага 23-24-октябрь күндөрү келе баштаган.

«Учурда бир бейтап ооруканадан дарыланууда, абалы туруктуу. Калгандары алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн», — деп айтылат маалыматта.

Министрлик кошумчалагандай, эпидемиологиялык изилдөөдө бейтаптар шаардын ар кайсы жеринде жайгашкан кафелерден тамактанганы белгилүү болгонун кошумчалады. Учурда иликтөө уланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button