Саясат

Президент Каныбек Туманбаевге эскертүү берди

Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаевге катуу эскертүү берилди. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, Туманбаев эмоцияга алдырган сүйлөшүү жүргүзгөнү үчүн мамлекет башчысынан эскертүү алган.

«Ош» базарындагы сатуучулар менен жолугушууда президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев эмоцияга алдырган сүйлөшүү жүргүзгөнү үчүн президент Садыр Жапаров тарабынан катуу эскертүү алды.

Мамлекет башчысы калк менен баарлашууда адептүүлүк, сабырдуулук жана маданият сакталууга тийиш экенин белгилеп, бардык мамлекеттик кызматкерлерге эл менен туура диалог жүргүзүүнү тапшырды», — деп жазды ал.

Тектеш кабарлар

Back to top button