“Түбөлүк союздаш өлкөбүз”. Жапаров Путин менен жолугушуунун жыйынтыгы жөнүндө

Президент Садыр Жапаров Россиянын лидери Владимир Путин менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча “Россия 1” телеканалына маек берген учурунда сөз кылды.

Анын айтымында, Кыргызстан менен Россия түбөлүк союздаш жана өнөктөш болуп кала берет.

“Россия, Владимир Владимирович Путин Кыргызстандын тагдырына кайдыгер эмес. Биз түбөлүк союздаш жана соода-экономикалык жактан өнөктөш өлкөбүз, ошондуктан биринчи кезекте биз Кыргызстандын мындан аркы өнүгүүсүн талкууладык. Жалпысынан жолугушуубуздун жыйынтыгына канааттандым”, – деди ал.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаров 24-25-майда Россияга иш сапары менен барган.