ИИМдин Академиясында ички иштер органдарынын калк менен кызматташуусун бекемдеген борбор ачылды

2021-жылдын 1-июнунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы Академиясында “Ички иштер органдарынын калк менен байланышы жана кызматташуусу” борборунун ачылышы болду. Жаңы Борбордун базасында “Ички иштер органдарынын калк менен кызматташуусу, гендердик, үй-бүлөлүк зомбулукка, ошондой эле балдарга карата зомбулукка бөгөт коюунун актуалдуу маселелери” деген темада тегерек стол болуп өттү.   

Иш-чарага Ички иштер министринин  орун басары милициянын полковниги Октябрь Урмамбетов, ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов, мүчөсү Александр Зеличенко, гендердик эксперт, Кыргыз-орус Славян университетинин профессору Гүлсара Алиева, ” Сейферворлд” Эл аралык коммерциялык эмес уюмунун Кыргызстандагы өкүлдөрү Стефан Стоянов, эксперттер  Таалайбек Акбаев, Равшан Абдукаримов, ПРООНдун Кыргызстандагы гендердик мамиле боюнча адиси Б.Убайдилаева, БУУ БКБнын Улуттук программасынын башчысы Ж.Ракишева, Баткен шаарындагы, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы, Ош облусунун Араван районундагы коомдук алдын алуу борборлорунун өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү, Академиянын жетекчилиги, окутуучулар жамааты жана курсанттары катышты.

Тегерек столду ачып жатып, Ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги Октябрь Урмамбетов Кыргыз Республикасынын  Президенти Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 5-майындагы Кыргызстан элине кайрылуусун эске  алып, укук коргоо органдарын реформалоо биринчи кезекте мыйзамдын үстөмдүгүн орнотууга жана мамлекеттик институттарга карата элдин ишенимин калыбына келтирүүгө багытталуусу тийиш экендигин белгиледи. ИИОго карата жоголгон  ишенимди ордуна келтирүү үчүн, милиция кызматкерлери калк менен өз ара кызматташуунун жаңы форматына өтүшү керек. Ошого байланыштуу, ИИМдин Академиясында ачылган калк менен байланыш жана кызматташуу борборунун базасында окутуучулар жамааты квалификациясын жогорулатуу курстарында иштеп жаткан кызматкерлерге жана ички иштер органдарынын келечектеги кызматкерлерине калк менен иштөөнүн социалдык-тейлөө көндүмдөрүн үйрөтүүсү зарыл экендигин билдирди.   Милициянын аймактык ыйгарым өкүлдөрү, жашы жете электердин иштери боюнча тескөөчүлөр, жаңы түзүлгөн патрулдук милиция кызматкерлери, милициянын көчмө кабыл алуу бөлүмдөрү калк менен жолугушуунун көрсөткүчтөрүнүн санынан сапатка өтүшү керек деп баса белгиледи.

Ички иштер министринин  орун басары 2021-жылдын 5-майында Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясы менен катар “Кыргыз Республикасында укук бузууларды алдын алуунун негизи жөнүндө” Мыйзамга кол койгондугун белгилеп, бул Мыйзам жаңы принциптер жана механизимдер боюнча укук бузууларды алдын алуунун жаңы системасын  курууга чакыргандыгын жана Мыйзам адам укугу, ювенальдык юстиция, кылмыш жаза жана администрациялык укук системасына заманбап мамиле кылуу керек деди,- Октябрь Урмамбетов. 

ИИМдин милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы Академиясынын начальнигини орун басары, милициянын полковниги Бакыт Дубанаевдин айтуусунда түзүлгөн Борбордун негизги милдети – “Кыргыз Республикасында укук бузууларды алдын алуунун негиздери жөнүндө” мыйзамдын толук кандуу аткарылышына көмөктөшөт. Ички иштер органдарынын калк менен байланышуу жана кызматташуу  борборун ачууда, азыркы эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен, ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрү, жергиликтүү бийлик органдары жана коомдук алдын алуу борборлору менен аралыктан байланыш түзүү заманбап санариптик чечимдери кабыл алынды, бул өз кезегинде реалдуу режимде өз ара кызматташуунун потенциалын түзүүгө мүмкүндүк берет,- деди Бакыт Дубанаев.

Милициянын полковниги Октябрь Урмамбетов эл аралык “Сейферворлд” уюмунун өкүлдөрүнө Борборду жабдууда көрсөткөн техникалык колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирип, республиканын түштүгүндө ”Сейферворлд” уюмунун колдоосунда иштеп жаткан коомдук алдын алуу борборлорунун алдыңкы тажрыйбаларын жалпы өлкө боюнча коомдук алдын алуу борборлоруна жайылтуу зарылдыгын белгиледи.

Тегерек столдун жүрүшүндө укук коргоо темасында айрыкча үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча укуктук негиздеги презентациялар жана атайын роликтер да көрсөтүлдү.

ИИМдин Басма сөз кызматы