Испанияда өз энесин өлтүрүп, этин жеген жаран кармалды

Испаниялык Альберто Санчес Гомес өз энесин өлтүрүп, этин жегендиги үчүн 15 жылга эркинен ажыратылды. Мындай үрөй учурган кабар чет элдик массалык маалымат каражаттарына жарыяланды.

Ага ылайык, 28 жаштагы Альберто Санчес Гомес официант болуп иштеп келген жана 68 жаштагы апасы Мария Соледад Гомес менен чогуу жашачу. Полиция кызматынын айтымында, ал буга чейин да апасы менен болгон пикир келишпестиктен улам 12 ирет полицияга түшкөн. Ал алкоголдук ичимдик ичип, баңгизатын колдонуп келгендиги маалым болгон.

Апасы менен болгон акыркы чырда ал апасын муунтуп өлтүргөн соң аны жиликтеп, этин муздаткычка салып коюп үйүндөгү ити менен жеп жүргөн. Альберто Санчес Гомес сотто апасын өлтүрүүгө кулагына угулган ар кандай үндөр түрткөнүн, күнөөсүн сезип жатканын айтып, кечирилгис кылмыш кылганын моюнга алган. Бирок сот аны 15 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.