Коронавирус. 1233 адамдан табылып, 8 бейтап көз жумду

Кыргызстанда 6-июлга карата коронавирус дагы 1 миң 233 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде  аймактар боюнча:

Бишкек шаарында – 789,
Ош шаарында – 44,
Чүй облусунда – 139,
Ош облусунда – 32,
Талас облусунда – 9,
Нарын облусунда – 13,
Ысык-Көл облусунда – 35,
алал-Абад облусунда – 83,
Баткен облусунда – 89 адамдан илдет табылган.

“Ал эми бир суткада 763 адам илдеттен сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 4, Ысык-Көл облусунда 3 жана Баткен облусунда 1 бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 4 миң 158 бейтап, амбулатордук түрдө 12 миң 12 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 30 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бир суткада стационардан 7, үй карантинден 17 медициналык кызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 5 миң 644 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 5 003 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 133 миң 303 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 113 миң 975 киши айыгып чыкса, 2 миң 54 адам каза болду.