Коом

Коронавирус. 1 238 адамдан табылып, дагы 10 бейтап көз жумду

Кыргызстанда 8-июлга карата коронавирус дагы 1 миң 238 адамдан аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, анын ичинде аймактар боюнча:

Бишкек шаарында – 693,
Ош шаарында – 67,
Чүй облусунда – 151,
Ош облусунда – 82,
Талас облусунда – 15,
Нарын облусунда – 17,
Ысык-Көл облусунда – 38,
Жалал-Абад облусунда – 86,
Баткен облусунда – 89 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 757 адам илдеттен сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 6, Чүй облусунда 3, Ысык-Көл облусунда бир бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 4 миң 525 бейтап, амбулатордук түрдө 12 506 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 50 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бир суткада стационардан 7, үй карантинден 16 медициналык кызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 5 миң 732 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 5 миң 55 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 135 миң 739 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 115 миң 513 киши айыгып чыкса, 2 миң 73 адам каза болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button