Саясат

Сунуш кылынган мыйзам долбоору боюнча партиялык тизме менен депутаттар кантип шайланат

Жогорку Кеңеш президентти жана парламент депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзам долбоорун кароону улантууда. Мыйзам долбоорунда ЖКда  90  депутат болушу керектиги сунушталган. Ошол эле учурда, пропорционалдык система боюнча 55 депутат, башкача айтканда, партиялык тизме боюнча, ал эми 35 депутат бир мандаттуу округдарда шайланат.

Конституциялык мыйзамдын долбоору Ведомстволор аралык жумушчу топ тарабынан 2021-жылдын 11-апрелинде референдумда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү максатында иштелип чыккан. Мыйзам долбоорунда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдери, анын ичинде депутаттардын саны жагынан да эске алынган.

Партиялык тизме боюнча 55 депутатты шайлоо кандайча жүргүзүлөт.

 Бирдиктүү округ боюнча 55 депутатты шайлоо бөлүгүндөгү өзгөртүүлөр:

55 депутат колдонуудагы пропорциялык тутум боюнча шайланат.

Мында мыйзам долбоору менен ар бир облус, Бишкек жана Ош шаарлары боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добушунун региондук босогосу 0,7 пайыздан 0,3 пайызга төмөндөтүлүүдө (64-берене).

 Пропорциялык тутум боюнча шайлоодо саясий партия 55 талапкерден ашпаган саясий партиянын талапкерлеринин тизмесин көрсөтөт (60-берене).

Тизмени түзүүдө аялдар, этностук азчылыктын өкүлдөрү, жаштар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн төмөнкү квота сакталууда (64-берене):

— бир жыныстагы талапкерлердин 70 пайыздан ашпоосун, мында саясий партиялардан көрсөтүлгөн аял жана эркек талапкерлердин тизмесиндеги кезектешүү айырмасы эки позициядан ашпоосун;

— 35 жаштан ашпаган талапкерлердин 15 пайыздан кем болбоосун, мында алардын ичинен кеминде 3 талапкер алгачкы 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек;

— ар кандай этносторго таандык талапкерлердин 15 пайыздан кем болбоосун, мында алардын ичинен кеминде 3 талапкер алгачкы 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек;

— кеминде 2 талапкердин — ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардан болуусун, мында булардын бири биринчи 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button