Окуялар

Кыргыз жарандыгын мыйзамсыз берүү ишинде дагы бир адам камалды

Бишкек милициясы түркиялыктарга Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз берген деп шек саналган президентке караштуу Жарандуулук маселелери боюнча комиссиянын А.Э. аттуу мурдагы катчысын камады. Шаардык ички иштер башкы башкармалыгы ага Жазык кодексинин 319-беренеси (коррупция) менен айып коюлуп, ал тергөө абагына киргизилгенин кабарлады. Учурда иликтеп-тергөө уланууда.

Өткөн аптада ушундай эле айып менен Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин мурдагы төрагасы Дүйшөн Сатыбалдиев камалган.

Бишкек милициясы анын алдында 2016-жылы Түркиянын он жараны Кыргызстандын жарандыгына кабыл алынып, аларга паспорттор мыйзамсыз берилгенин билдирген. Бул фактыдан улам Жазык кодексинин «Коррупция» беренеси менен иш козголгон.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) кыргыз паспортун алган бардык чет өлкөлүк жарандар мыйзам чегинде текшерилерин билдирген. Паспорт текшерүү жараянына «Сапат» билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыга байланыштуу окуя негиз болгон.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button