Кыргызстанда “Мода жана эстетика” айы өтөт. ФОТО

BURANA FASHION WEEK эл аралык мода жумалыгынын юбилейлик сезонуна карата “Мода индустриясы” компаниясы жана “Подиум Кыргызстан” мода журналы атайы 1-31- октябрга чейин “Мода жана эстетика” айын өткөрүүгө даярдык көрүп жатат. Бул даталуу сезондун чыгарылышында Кыргызстандык жана чет элдик дизайнерлер үчүн “Жыл мезгилдери” аталыштагы тема берилди. Бул тууралуу BURANA FASHION WEEK эл аралык мода жумалыгынын негиздөөчүсү Назира Бегим билдирди.

Программанын алкагында бир ай бою Мода жана эстетика дүйнөсүнө байланыштуу иш чаралар өтөт.

Мисалы:

– башталгыч жана жаш дизайнерлер арасында атайы сынак;

– өзгөчө кийимдер көргөзмөсү;

– жергиликтүү жана чет элдик дизайнерлерден эксклюзивдүү кийимдер коллекциясы;

– кол өнөрчүлүк жарманкеси;

– мастер-класстар, семинар, бизнес-жолугушуулар;

– street-style;

– Подиум Кыргызстан журналынын тандоосу менен Мода чөйрөсүндөгү мыктыларга сыйлык тапшыруу аземи;

Иш чара 30-октябрда атайы чоң Кайрымдуулук кече, сыйлык тапшыруу аземи, балдар коллекциясынын ошондой эле онкология борборунун балдары тарткан сүрөт көргөзмөсү менен жыйынтыкталат.

Сынактын жеңүүчүлөрүнө Италия, Индия, Түркия, Египет, Туркестан, Өзбекстанга атайы мода жумалыктарына жана саякатка жолдомолор берилип, баалуу сыйлыктар тапшырылат.

Бул иш чарага 10дон ашык мамлекеттен атактуу дизайнерлер жана мода чөйрөсүндөгү чеберлер келишет.