Маданият
Ош шаарында Мамлекеттик тил күнү белгиленди

Ош шаарында 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү.
Мэриядан билдиришкендей, майрамдык иш-чара Ош шаардык маданият жана жаштар башкармалыгынын уюштуруусунда Бабур театрында өттү.
Ага мэрдин орун басары Масуда Айдарбекова, Ош шаардык кеңешинин депутаты Ниязбек Нурбаев, маданият кызматкерлери, чыгармачыл инсандар жана шаар тургундары катышышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз тилинин коомдогу орду, анын өнүгүүсү жана кийинки муунга өткөрүп берүү маанилүүлүгү белгиленди. Манасчылар, төкмө акындар, белгилүү эстрада ырчылары, бий жана музыкалык топтор өнөрлөрүн тартуулашты.
Ошондой эле мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча сынактын жеңүүчүлөрүнө баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.



