Бишкекте Пакистандын жаранын тоноого шектелген эки жаран кармалды. ФОТО

Бишкектин Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери пакистандык жаранды тоноп кеткенге шектелген 2 жаранды кармады. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-сентябрь күнү 102 кызматына “Ала-Тоо” аянтында Пакистандын жаранын тоноп кетти деген маалымат келип түшкөн. Жерине ыкчам-тергөө тобу барганда арыз менен Пакистандын жараны кайрылган.

Арызда түнкү саат 03:00 чамасында белгисиз жарандар “Ала-Тоо” аянтынан ага күч колдонуп, iPhone 12 Pro үлгүсүндөгү телефонун жана 800 доллар акчасын алып андан ары из жашырганы жазылган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Изилдөө иштеринин натыйжасында, шектүү катары 2002-жылы туулган Х.У. жана 2001-жылы туулган М.И. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүүдө.