Дүйнө

Афганистанда селфи кылып сүрөткө түшүүгө жана кроссовки кийүүгө тыюу салынды

Афганистандын коргоо министри Мавлави Якуб талиб согушкерлерине селфи кылып сүрөткө түшүүгө жана ак кроссовки кийүүгө тыюу салды. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда жазылды.

Маалыматка ылайык, мындай чектөөлөрдү киргизүүгө акыркы учурларда талиб согушкерлери куралдары менен аянтта, оюн-зоок аттракциондордо, коомдук жайларда селфи кылып сүрөткө түшүп, социалдык тармактарга чыгарып жатканы себеп болгон.

Коргоо министри селфи кан төгүүлөр менен жеткен жеңишке, «Талибан» кыймылынын жана жогорку кызматтагы адамдардын коопсуздугуна шек келтирип жатканын айткан.

«Ал эми ак кроссовки батыштын зыяндуу модасы. Эгер биз батышты туурай турган болсок, анда Ислам системасын жоготуп алабыз», — деген Мавлави Якуб.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button