Талибдер тажиктерге интернет аркылуу чабуул жасоого өтүштү

“Талибан” кыймылынын жетекчилери социалдык тармактарда Тажикстан тууралуу кезектеги терс билдирүүсүн жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, талибдердин өкүлү Инамулла Самангани Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун саясаты тууралуу оюн билдирген.

Ал 27 жыл президент болду, дагы 6 жыл болот. Балким, ал андан кийин да президенттик кызматта кала берет. Шайлоого чейин өз өлкөсүндө бийликти колдогон 5 партияга уруксат берилген. Бул кадырлуу адам Афганистанда шайлоону өткөрүү боюнча кеңештерин берет, – деп жазат радикал.

Буга чейин талибтер буга чейин эки ирет Тажикстанды сындап келишкен. Талибдердин биринчи вице-премьер-министри Абдул-Гани Барадар аптанын башында “Тажикстан биздин иштерге кийлигишип жатат, ар бир иш үчүн каршылык бар”, – деп айткан. Андан кийин экинчи вице-премьер-министр Абдул-Салам Ханафи Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Афганистанда жаңы инклюзивдүү өкмөттү түзүү зарылдыгы тууралуу сөздөрүн айыптады. Ал Афганистандын ички ишине кийлигишпөөнү кеңеш кылып, антпесе ал сөзсүз түрдө реакцияга туш болорун эскерткен.