Афганистандагы ЖМКлардын 70%ы ишин токтотту

Афганистандагы журналисттердин улуттук ассоциациясы бийликке талибдер келгенден бери афган ЖМКларынын 70 пайызы акчадан кыйналып ишин токтотконун билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Алардын маалыматы боюнча, афган журналисттеринин 67 пайызы жумушу жок калса, 33 пайызы кыйын кырдаалда кысым алдында иштеп жатат.

Ассоциация башчысы Масрур Лутфи жергиликтүү ЖМКлардын басымдуу бөлүгү каржы жаатынан кыйналып жатканына токтолгон.

“Журналисттердин 40 пайызы коопсуздугуна тынчсызданышууда. Калгандарына деле оңой болгон жок. Анткени алар жумушсуз калды”, — деген ал.

Белгилей кетсек, Афганистандагы кырдаал Америка өз аскерлерин чыгарып кете баштаган соң кескин курчуган. Август айынын башында “Талибан”* кыймылы Афганистандын аскер күчтөрүнө чабуулун активдештирип, 15-августта Кабулду басып алган. Анын эртеси эле согуш токтогонун жар салышкан. Августтун акыркы эки жумасы америкалык аскерлердин көзөмөлүндө болгон Кабул аэропортунан Батыштын жарандары жана алар менен кызматташкан афгандар массалык түрдө эвакуацияланган. 31-августка караган түнү дээрлик 20 жылга жакын Афганистанда болгон АКШ аскерлерин Кабул аэропортунан чыгарып кетишкен.

Сентябрь ичи талибдер убактылуу өкмөттүн курамын бекитип, чет мамлекеттерден расмий өкүлдөрдү кабыл алып сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.