Дүйнө

Facebook, Instagram, WhatsApp эмнеге иштебей калган себеби айтылды

Facebook тармагынын иштебей калышы магистралдык маршрутизаторлордун конфигурациясынын иштебей калышынан улам болду. Бул тууралуу компаниялардагы инженерлердин командасы билдиргенин РИА Новости жазды.

«Келип түшкөн маалыматтарды иштеп чыккан борборлордун ортосундагы тармактык трафиктин ишинин жөнгө салышына жооп берген магистралдык маршрутизаторлордун конфигурациясынын өзгөрүшү байланышты үзүп, көйгөй жаратты. Тармактык трафиктин өчүп калуусу биринен бирине өтүп, маалыматтарды иштеп чыккан борборлордун ишинин жөндөмүнө таасир тийгизди. Ошентип биздин кызмат иштебей калды», — деп айтылган Facebook инженерлеринин билдирүүсүндө.

Муну менен катар эле Facebook кечээки учур Instagram жана WhatsApp кызматынын иштебей калышы колдонуучулардын маалыматтарынын ачыкталып кетишине шарт түзбөгөндүгүн айтты.

Компания ээлик кылган Facebook, Instagram, WhatsApp жана бир катар тиркемелер дүйшөмбү күнү, 4-октябрда, жети саатка чейин иштебей калды.

Downdetector сайтынын маалыматына караганда, Facebook тармагынын тарыхындагы көпкө чейин жана бардык кызматтары иштебей калган биринчи учур болду. Мунун фонунда социалдык тармактын акциялары беш пайызга чейин түшүп кетти. Ал эми анын негиздөөчүсү Марк Цукерберг жети миллиард доллар жоготкону айтылды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button