Соцфонд жоюлуп, пенсиялык фонд түзүлөт. Жапаровдун билдирүүсү

Кыргызстанда Социалдык фонддун ордуна Пенсия фонду түзүлөрүн министрлер кабинетинин төрагалыгына талапкер болуп жаткан Акылбек Жапаров Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымына караганда, Соцфонддун функцияларын Пенсия фонду менен Эмгек, социалдык жактан камсыздоо жана миграция министрлигине (социалдык жөлөк пулдарды төлөө) беришет.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров парламентке Акылбек Жапаров башында турган министрлер кабинетинин курамы менен түзүмүн парламентке сунуштаган.