Саясат

23 партия көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмелери тууралуу билдирди

23 партия көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмелери тууралуу билдирген. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

73 саясий партиянын ичинен 26 саясий партия съезддерди өткөрүү жөнүндө БШКга кабарлаган, анын ичинен 3 партия эки жолу съезд өткөргөн. Жалпысынан 23 партия көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмелери тууралуу билдирген.

Саясий партиялар каттоо үчүн документтерин 18-октябрь саат 18: 00гө чейин тапшыра алышат. Ошол эле учурда “Бүтүн Кыргызстан”, “Ата — Мекен”, “Ишеним”, “Ынтымак” жана “Улуттар Биримдиги” саясий партиялары 13-октябрда каттоого көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмелеринин документтерин анын ичинде “Электрондук талапкер” системасы аркылуу да тапшырышты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button