Алла Пугачева арыктап, имиджин өзгөртүп, жашарганы айтылууда

Россиянын атактуу ырчысы  72 жаштагы Алла Пугачева имиджин өзгөртүп, жашарып кеткени айтылууда.  Пугачеванын композитор Игорь Николаевдин кызынын туулган күнүнө арналган салтанатка ал  балдарын, күйөөсүн ээрчитип, имиджин өзгөртүп , кыска чач менен келген.

Instagram тармагына жарыяланган сүрөттө ырчы Алла Пугачевага карата ар кандай жагымдуу пикирлер жазылып, анын жашарып, арыктап калганын айтышууда.

Сүрөттөгү комментарийлерде интернет-колдонуучулар ырчыны дароо тааныбагандыктарын жазып, көптөрү суктанган пикирлерин калтырган.