Румынияда коронавирус күч алып, каза болгондор көбөйүүдө

Румыниянын президенти Клаус Йоханнис 20-октябрда коронавирустун жайылышын ооздуктоо максатында “так чектөө чараларын” кабыл алуу үчүн өкмөт мүчөлөрүн чукул жыйынга чакырды.

19-октябрда 19 миллион калкы бар Румынияда COVID-19 илдетине чалдыккандардын күнүмдүк көрсөткүчү 18 миңден ашып, 574 адам бул илдеттен каза болду. Бул Евробиримдикке мүчө мамлекеттеги пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч болуп калды.

Йоханнис кырдаалды “үрөй учурарлык масштабдагы улуттук драма” деп атап, румыниялыктарды эмделүүгө жана санитардык чараларды сактоого чакырды.

Ал ошондой эле, ушул тапта 1800дөн ашуун бейтап жандандыруу бөлүмүндө өмүр үчүн күрөшүп жатканын кошумчалады.

Румынияда калктын 34% гана толук эмделген. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бул өлкөгө өз адисин жана экспресс-тесттерди, кычкылтек концентраторлорун жөнөтөрүн билдирди.