ИИМ: Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо коомдук тартипти сактоо тиешелүү деңгээлде жүргүзүлөт


Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоого даярдануу жана өткөрүү учурунда коомдук коопсуздукту жана мыйзамдуулукту сактоо үчүн Ички иштер министрлигинин «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүүдө жана шайлоо учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо чаралары жөнүндө»  буйругу чыккан.

Аны менен катар, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүүдө жана шайлоо учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо иш-чаралары боюнча Комплекстүү иш-мерчем иштелип чыкты. Аталган иш-мерчемде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдануу жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоо, коомдук тартипти сактоо, шайлоо участокторун шаймандары менен кайтаруу, шайлоо участокторуна шайлоо бюллетендерин ташуу жана жеткирүү коопсуздугун камсыздоодо тиешелүү чараларды көрүү боюнча уюштуруу иштери каралган.

 Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жүктөлгөн милдеттерди натыйжалуу аткаруу үчүн   ИИМдин Ыкчам штабы түзүлүп, шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо үчүн  ИИОнун күчтөрү менен каражаттары эсептелди.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү учурунда, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо жана алдын ала түзүлгөн күч каражаттын эсебине ылайык Кыргыз Республикасынын ИИМден тиешелүү деңгээлде кызматкерлер тартылат.

ИИМ Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасында коомдук тынчсыздандырууга алып келген жалган маалыматтарды тараткандарды аныктоо үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарына, социалдык тармактарга жана телерадио жыштыгына күн сайын мониторинг жүргүзүп жатат. Коомдук тартипти жана коопсуздукту бузууга алып келе турган жалган маалыматтарды таратып, коомдук тартипти бузгандарга карата чаралар көрүлөт. Ушуга байланыштуу айрым жарандар социалдык тармактарда тараткан чагымчыл материалдарга ишенбөөгө чакырат. Ички иштер министрлиги чагымчыл материалдарды тараткандарды тактоо боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жарандарга кайрылып  месенджерлердеги, социалдык тармактардагы  чагымчыл, жалган материалдарды таратуудан алыс болууга чакырат жана мындай фактылар боюнча ички иштер органдарына -102  телефон номуру аркылуу кабарлап коюну суранат. Мыйзамды билбегендик кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт жана чагымчыл билдирүүлөрдү таратканга тиешеси барлар жоопкерчиликке тартылат. Ошондой эле Ички иштер министрлиги жарандарды жалган маалыматтарды таратуудан жана чагымчылдыкка алдырбоого чакырат.

Ички иштер министрлиги саясий маселелерге катышпайт, бардык жарандарга жана партияларга бирдей мамиле кылат, кырдаалды туруксуздаштырууга жол бербейт, бирок  укуктук тартиптин бузулушу боюнча фактылар орун ала турган болсо анда ал фактылар катталып, мыйзам чегинде коомдук тартипти бузгандарга чара көрөт.

Жалпысынан белгилегенде, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги шайлоо боюнча иш-чараларды өткөрүүдө чоң тажрыйбага ээ болгонун жана алдыдагы шайлоону өткөрүүдө коомдук тартипти жана коопсуздукту жогорку деӊгээлде камсыздоого даяр экендигин билдирет.

ИИМдин Басма сөз кызматы