Пайдалуу кеңештер

Кургатылган жемишти көп жесе семиртет. Диетологдун кеңеши

Ден соолукка пайдалуу жемиш кактары тууралуу диетолог Людмила Микитюк РИА Новостиге берген маегинде айтып берди.

Адис көп тараган мейиз, кургатылган өрүк, кара өрүк жана курма кургатылбаган жемиштерге караганда клетчатка, витамин жана минералдарга өтө бай экенин билдирген. Алар организмдин пайдалуу заттарга болгон суткалык нормасын толтура алат. Ошондой эле күчтүү антиоксидант.

Мейизде калий менен В тобундагы витаминдер көп. Бул кан басымды төмөндөтүп, организмдин сезгенүү процессин азайтат.

Кара өрүк ичти табигый жол менен өткөргөн каражат. Ошондой эле калий, клетчатка жана А, К витаминдерин камтыйт. Жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алып, остеопороз менен күрөшүүгө жардам берет.

Курма темирге, калийге, клетчаткага бай. Зыяндуу заттардан коргогон антиоксиданттардын башында турат. Мындан сырткары, кош бойлуулуктун соңку айларында жатын моюнчасынын кеңейишине жардам берет.

Кургатылган өрүк көз ооруларын болтурбайт. Клетчатка, калий, А жана С витаминдери көп. А витамининин суткалык нормасын толтурат, бул көзгө жана териге пайдалуу.

Бирок Микитюк кургак жемиштер калориялуу келерин, ошондуктан көп жесе оңой эле салмак кошуларын эскертти.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button