Саясат

Президент буга чейин кайра иштеп чыгуу үчүн парламентке кайтарган жазык кодекстерине кол койду

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине жана жазык кодекстерин колдонууга киргизүү жөнүндө мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдайт.

Белгилей кетсек, мамлекет башчысынын каршы пикиринен соң кайра иштелип чыгып жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган жазык кодекстерине президент үстүбүздөгү жылдын 28-октябрында кол койгон.

Буга чейин жогоруда белгиленген мыйзамдык актылар бир катар дал келбестиктер жана Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен жана Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан мыйзамдары менен ички карама-каршылыктардан улам Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан мыйзам чыгаруу органына макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн кайтарылган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button