Коом

Россияга барган Кыргыз Республикасынын ЖАК кызматкерлеринин иш сапары аяктады

Жазаларды аткаруу федералдык кызматына болгон иш сапарынын алкагында ЖАКнын төрагасы Аскат Эгембердиев башында турган Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын делегациясы Россиянын Жазаларды аткаруу федералдык кызматынын Волгоград областы  боюнча иш сапары менен болду.

Делегацияны аймактык органдын жетекчиси Александр Просвернин тосуп алып, ведомствонун жана Волгоград шаарындагы No9-түзөтүү колониясында кесиптештер соттолгондорду кармоо шарттары жана мекеменин өндүрүштүк иштери менен таанышты.

Иш-чаранын жыйынтыгында ЖАКнын төрагасы генерал-майор А.Эгембердиев башкармалыктын жана ведомстволук мекемелердин ишмердүүлүгүн жогору баалап, жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Расмий сапардын соңунда Мамаев Курган тарыхый-мемориалдык комплексине жана «Сталинград салгылашы» панорама музейине барышты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button