Окуялар

Бишкекте асманга ок чыгарган жаран кармалды

Бишкекте асманга ок чыгарган жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-ноябрда интернетке ыкчам аракет көрүү тобунун (ГБР) кызматкери асманга ок чыгарды деген видео тараган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган. Анда кызматкер 12-ноябрь күнү саат 03:00 чамасында Чүй менен Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз үлгүдөгү тапанча менен ок чыгарган.

Бүгүн, 24-ноябрда ал адам 2002-жылы туулган Р.Б. экендиги аныкталып, Ленин РИИБине жеткирилген. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button