Коом

Шайлоо учурунда Нарын ОИИБнын милициясы күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат

2021-жылдын 24-ноябрь күнү  Нарын шаарындагы Турдакун   Усубалиев  атындагы борбордук аянтта Нарын ОИИБнын өздүк курамы, Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Нарын облусундагы өзүнчө ротасы, ЖКККБнын, Нарын шаардык жана райондук ички иштер бөлүмү жана  Нарын шаардык  күзөт бөлүмү, Нарын ОИИБнын ардагерлери, элдик кошундар  үчүн горнизондук саптык  кароо өттү.

Алгач, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри  Улан Ниязбековдун шайлоо боюнча берилген 10 тапшырмасы өздүк курамга жеткирилип, өздүк курамдын даярдыгы каралып, ар бирине коюлган тапшырмалары аныкталып, тиешелүү буйруктар менен тааныштырылды.

Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги милициянын полковниги Алмазбек Жумабеков, 28-ноябрь күнү   Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин  депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүдө коомдук тартипти жана  коопсуздукту камсыздоо,  коомдук-саясий абалды көзөмөлдөө, мыйзам бузууга жол бербөө милиция кызматкерлеринин милдети экендигин  жана ар бир жетекчи өзүнө жүктөлгөн милдеттерди так аткаруусун баса белгилеп, милициянын эң негизги максаты- шайлоону тынч жана мыйзам чегинде өткөрүп, элге кызмат кылуу болуп эсептелээрин эскертип өттү.

Ошондой эле,   ИИМ тарабынан берилген буйруктарды мыйзам чегинде так аткарып, шайлоо учурунда мыйзам бузууга жол бербөө жана ушундай фактыларга жол берилсе, ыкчам  иш-аракеттерди мыйзам талаасында күчөтүлгөн тартипте иштерди алып баруу милдеттерин койду.

Нарын облусу боюнча 169 шайлоо тилкесинде 500 ашык коомдук коопсуздукту сактоо үчүн өздүк курамдын, ардагерлердин жана элдик кошуундардын мүчөлөрү иш алып барышат. Мындан тышкары шайлоо күнү мыйзам бузууларга жол берилсе, мыйзам чегинде ыкчам иш алып баруу үчүн атайын  документтештирүү  тобу түзүлүп, жалпы  100 кызматкери тартылды.

Нарын ОИИБнын Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button