Арасында аял да бар. Жайыл районунда тоноого шектүү жарандар кармалышты. ФОТО

2021-жылдын 23-ноябрь күнү арыз менен 1977-жылы туулган О.В. аттуу жаран кайрылган, себеби 17-ноябрь күнү белгисиз үч жаран, анын ичинен бирөсү аял киши эч себепсиз согуп анан күч колдонуп уюлдук телефонун алып кеткенин билдирген. Ошону менен биргеликте анын жанындагы курбусуна дагы күч колдонушуп сумкасын алып кеткендигин билдирген.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 201-беренеси (Тоноо)  менен катталган.

 Чүй ОИИББнын криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери жана Жайыл РИИБдүн криминалдык милиция кызматынын  кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы фактыга шектелип, 1987- жылы туулган К.Э., 1981-жылы туулган Ж.Т., жана 1998-жылы туулган С.А. атуулар кармалышкан. Учурда шектүүлөрдүн бири убактылуу кармочуу жайга киргизилип, калган экоо боюнча тергөө иштери жүрүп атат.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.