Ринат Байшериев: “Мекенге болгон сүйүүбүз, жаныбыздан да артык болушу керек”

Негизинен атайын даярдыктагы (багыттагы) отряддар мамлекеттин бүтүндүгүнө жана коопсуздугуна коркунуч туудурган күчтөрдөн коргоп, бандалык түзүмдөрдүн кылмыштуу аракеттерине, массалык башаламандыктарга каршы атайын операцияларды жүргүзүшөт.

Бул отряддарда кызмат өтөө  күн сайын тобокелчиликтер менен коштолгон десек жаңылышпайбыз. Мындай отряддарда кызмат өтөгөнү келген жоокерлер физикалык жактан гана өнүккөн эмес, моралдык-психологиялык жактан туруктуу, ар кандай кырдаалдарда чечимди туура жана ыкчам кабыл алууга жөндөмдүү болушу абзел.  Сөз менен гана эмес, иш менен дагы өздөрүнүн ыкчам күжүрмөн даярдыгын жогорку деңгээлде көрсөтүп келе жаткан  атайын даярдыктагы отряддардын бири  ИИМдин Ички аскерлеринин курамында да  бар. 

Ал, Ички аскерлердин “Шер” атайын даярдыктагы отряды, башкача айтканда №714 аскер бөлүгү болуп аталат. Бул отряддын түмөн түйшүгү, ийгиликтери жана өзү жөнүндө маектешүү үчүн Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин №714 аскер бөлүгүнүн командиринин орун басары майор Байшериев Ринат Рахатбековичти кепке тарттык.  Өзү жөнүндө айта турган болсок, ал 1980-жылы Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Шабдан айылында туулган. Үй-бүлөлүү,  3 кыз, 1 уулдун сыймыктанган атасы. Мекен алдындагы милдетин аткарууну көздөп, 1999-жылдан 2001-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн “Илбирс” атайын багыттагы аскер бөлүгүндө кызматын өтөгөн. Андан соң, 2004-жылдан 2011-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын “Омега” атайын даярдыктагы отрядында кызмат кылган. 2011-жылдан баштап ушул убакка чейин жолдошторуна күжүрмөндүгү жана тайманбастыгы, инсандык бийик сапаттары менен үлгү болуп, кадыр-баркка жетип, жетекчилиги тарабынан бааланып, Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин “Шер” атайын даярдыктагы отрядында топ командиринен баштап аскер бөлүктүн командиринин орун басары кызматына чейин жеткен.

Мекенге кызмат кылуу ары жоопкерчиликтүү, ары сыймыктуу. Бирок, каарманыбыз аны менен катарлаш спортту дагы кошо алып жүрөт.  Ринат мырза спорттун Кикбокс түрү менен машыгып келген. Кыргызстанда өткөн аскердик самбо, кармашып урушу боюнча эл аралык мелдештердин жана Кыргызстандын чемпиону. Кикбокс боюнча 2015-жылы Россия Федерациясынын Рязань шаарында генерал Маргеловдун жаркын элесине арналган эл аралык турнирде 3-орунду ээлеген. 2021-жылдын 17-19-ноябрь күндөрү  Москва шаарында өткөн  кармашып урушу боюнча Дүйнө  кубогунда 2-орунду ээледи. Өзү менен кошо барган кол алдындагы кызматкерлери дагы алдыңкы оорундарды ээлеп, Кыргызстандын желегин желбиретип келишти. Өздүк курам арасында спортко жасалган мамиле жогору экенин билдирген Ринат Рахатбекович Ички аскерлердин №714 аскер бөлүгүнүн аскер кызматчылары быйыл Кыргызстандын кармашып  урушуу боюнча чемпионатында биринчи орунду, спорттун башка түрлөрү боюнча Дүйнө чемпионатында биринчиликти багындырганын сыймыктануу менен айтып өттү. Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата  өткөн параддык эсептер арасында дагы 1-орунду ээлешкен. Андан сырткары, ИИМдин Ички аскерлеринин “Шер” атайын даярдыктагы отрядынын кызматкерлери эл аралык машыгуулардан жана окутуулардан өтүп турганын, жакында эле Армениянын, Беларусиянын, Россиянын, Кыргызстандын, Казакстандын жана Тажикстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана аскер кызматчылары катышкан коңшу мамлекеттин “Фахробод” аскердик полигонунда өткөн “Кобальт-2021” атайын тактикалык аскердик машыгууларына дагы катышып келгенин маалымдады. 

 Мекенге болгон сүйүү, кызматка болгон берилгендик  жөнүндө сөз баштаганыбызда, “Ар бир адам бул жашоодо маңыздуу жашап өтсөм деп эңсеп келет эмеспи. Мен дагы Мекен алдындагы милдетимди аткарып, берген антымды абийирдүүлүгүм менен актап,  өлкөмө  болгон сүйүүм, жанымдан да артык экенин сезип, кызматымды өтөп келүүдөмүн. Бул мен үчүн чоң жетишкендик жана сыймык. Жаш аскер кызматчыларына дагы акыл-насаатымды айтууда биринчи кезекте ушул сөздөрдү колдоном. Аскер кызматчыларынын алдында жетекчи да, насаатчы да, мугалим да, дос да, жолдош да болушубуз керек. Ошондуктан мен кол алдындагыларыма жана жаңы келген жаш аскер кызматчыларга аскерде, анын ичинде атайын даярдыктагы отрядда кызмат кылуу  адамга эмне берери жөнүндө эмес, өлкөгө, мамлекетке, коомго эмне берери жөнүндө ойлонгула деп көп айтам. Аскердик кызмат – мамлекеттеги бардык мырзалардын өз аймагын, өз өлкөсүн ар кандай коркунучтардан коргоого жол көрсөтөт. Мекенди көздүн карегиндей сактоого, сый-урмат көрсөтүүгө, сергек жашоого, чечкиндүү болууга, күжүрмөндүккө жана тайманбастыкка үйрөтөт”,-деп аскердеги кызматы жөнүндө айтып берди.

“Аскер кызматчылары улууну урматтап, кичүүнү ызаттаганга тарбияланат.  Бизде кызмат өтөгөн адам эч нерседен коркпогон, такшалган жана  жогорку деңгээлдеги ыкчам күжүрмөн даярдыктагы жоокер болуп калыптанат. Өз ыктыяры менен устав менен жашоого макул болгондон кийин, форма кийген адамдардын бардык аракеттери анын тагдырына гана эмес, түзүмдүн образына, форманын ар-намысына да таасирин тийгизерин түшүнүшөт.  Ошондуктан бизде талапкерлерди тандап алууда талап катуу экенин башынан туюп, сезип келишет”, – дейт маегинде Ринат Рахатбекович.

ИИМдин Басма сөз кызматы