Майыптар күнүнө карата “Нурлуу кайрымдуу кыздардан” нурлуу майрам тартууланды. ФОТО

3-декабрь ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын күнү. Кечээ бул майрамды утурлай “Нурлуу кайрымдуу кыздар” фонду атайын мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн майрамдык иш чара уюштурушту. Бул майрамга 100дөн ашык мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар катышып, ыр, бий, концерт көрүшүп, кызыктуу белектерди алышты. Андан тышкары иш чаранын соңунда алар үчүн дасторкон да жайылды.

Бул кайрымдуулук фондунун түзүлгөнүнө эки жылга жетпеген гана убакыт болгон. Бирок, ушунча кыска убакыттын ичинде алар Кыргызстандагы калктын аялуу катмарларына материалдык жардам көрсөтүшүп, 40 миллион сомдон ашык каражат жумшашкан экен.
Кайрымдуулук фондунун мүчөлөрү ай сайын атайын взнос төлөп, чогулган каражатты муктаж адамдарга даректүү жардам көрсөтүшөт.
“Нурлуу кайрымдуу кыздар” фондунун мүчөсү Зухра Кемелбекованы кепке тартып, жасап жаткан иштери тууралуу маалымат алдык:
— Бүгүнкү күн өзгөчө күн десек болот. Жашоодо тагдырдын сыноосуна сынып калбай, туруштук берген ушундай мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга биздин коомдун жамааты атайын чоң долбоор уюштурдук. Бул долбоорго жүздөн ашык көзү азиз, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар келишти. Биздин долбоордун спикерлери бар, алар майыптар коляскасында жүрсө да чоң ийгиликтерге жетишкендер.
Биздин негизги максатыбыз иш чарага келген жарандардын бардыгына жардам берүү эмес, алар менен баарлашып, алардын ой пикирлерин, көйгөйлөрүн угуп, балким туруктуу жумуш орундарды камсыз кылып, алардын жетишпеген маселелерин чечүү. Мен бул адамдар менен ушул долбоорго даярданган кезде жолукканда, алардын буга чейин көп жакшы иштерди жасап койгонун уктум. Коляскада отурган адам эмес, дени соо адамдар да ушундай нерседен чыгыш өтө кыйын. Алардын жашоосунда, коомдо көп тоскоолдуктары бар экен уктум. Мисалы, ошол эле көчөлөрдө, коомдук жайларда перила да жетишпейт экен. Негизи баардык эле жерлерде майыптар үчүн атайын шарттар жок. Биздин максат ушундай атуулдардын көйгөйүн коомчулукка жеткирүү.
“Нурлуу кайрымдуу кыздар” фонду ааламды коронавирус каптап, пандемия, карантин башталганда биз 50 тигүүчү өндүрүшүндөгү жетекчи айымдар чогулуп кайрымдуу иштерди уюштурганбыз. Карантинде эч жакка чыга албай, азык-түлүгү жок калган адамдарга жардам бергенбиз. Андан кийин ушул сыяктуу көп кайрымдуу долбоорлорду ишке ашыра баштадык.
Быйыл медицина тармагында “Ак халатчан аруузат” деген аталыштагы долбоордо “Кызыл зонада” иштеген медик айымдарга атайын сынак жарыялап, кымбат баалуу белектерди тартууладык. Алардын арасында автомобиль уткандар да, Туркияга жолдомо алгандар да болду. Андан тышкары көптөгөн жакшы кымбат-баалуу белектерге да ээ болушту. Бул сынакка Кыргызстандын бардык аймактарында “Кызыл зонада” иштеген айымдар катышкан.
Мындан тышкары билим тармагына да жардам берип келе жатабыз. Бишкек шаарындагы № 71 гимназияга, медреселердеги ата-энеси жок, жетишпеген балдарга да жардамдар көрсөтүлгөн.
Ал эми бул каражатты “Нурлуу кайрымдуу кыздар” фондунун мүчөлөрү өздөрүнун чөнтөгүнөн чыгарып, чогултушат. Муну биз ички инвестиция дейбиз.
Ушундай соопчулук, кайрымдуулук иштерди жасап жатканыбызды убагында коомчулукка деле айткан эмес элек. Мындай соопчулук иштерди коомчулукка көрсөтүш керекпи, керек эмеспи деген сыяктуу талаш-тартыштар болуп келген. Фонддун мүчөлөрү аткарган иш чараларды өздөрү эле социалдык баракчаларга кээде чыгарып койчубуз. Бирок бизде Кыргызстанда кайрымдуулук маданиятын өздөштүрүшүбүз керек экен. Бизде ушундай кайрымдуу фонддор канчалык көп болсо мамлекетибиздин да иммунитети ошончолук күчтүү болот деп эсептейм,- деди Зухра айым.

Ал эми иш чарага келген мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар көңүлдүү маанайда өткөн майрамдык программада белгилүү ырчылар менен кошо ырдап, бийлеп, белектерин алып, жаркын маанайда тарашты.







