Коом

Коронавирус. Акыркы суткада 39 адамдан табылып, эки бейтап каза болду

Кыргызстанда 24-декабрга карата коронавирус дагы 39 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 23, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 3, Ош облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 5, Жалал-Абад облусунда – 3 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 55 адам илдеттен сакайып чыкты, бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 287 бейтап, амбулатордук түрдө 337 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184 миң 395 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 497 киши айыгып чыкса, 2 миң 790 адам каза болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button