Без рубрики

Унаа сүзүп, көз жумган “Тазалыктын” кызматкеринин үй-бүлөсүнө 50 миң сом берилет

Бишкекте жеңил унаа сүзүп, көз жумган “Тазалыктын” кызматкеринин үй-бүлөсүнө 50 миң сом берилет. Бишкек шаарынын мэриясынын Турак жай-коммуналдык чарба башкармалыгынан билдиришти.

Эскерте кетсек, Бишкекте бүгүн саат 08:15 чамасында Шабдан Баатыр көчөсү менен бара жаткан Toyota Proboks үлгүсүндөгү унаанын аял айдоочусу «Тазалык» ишканасынын кызматкерин сүзүп кетти. Натыйжада муниципалдык кызматтын 1987-жылы туулган К.С. аттуу кызматкери кырсык болгон жерден каза болгон болгон.

Акыркы кайгылуу окуяларга байланыштуу окуя болгон жерге шаардын мэри Айбек Жунушалиев өзү барган.

“Кырсык саат 8:00дө болгон. “Тазалыктын” каза болгон кызматкери чагылтуу элементтери бар атайын жилетте болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, оң рулдуу унаанын аял айдоочусу башка унаадан ашып бара жатып жолдон адамды көргөн эмес. Натыйжада адамды сүзүп кеткен”, — деп айтылат маалыматта.

Шаар башчы дем алыш күндөрү тазалыкчылардын борбордук көчөлөрдө иштөөсүнө убактылуу чектөө киргизүүнү жана борбордук көчөлөрдү тазалоодо атайын техниканы колдонууну тапшырды. Мындан тышкары, көчөлөрдү тазалоодо чагылтуу элементтери бар көчмө жол белгилерин колдонуу тапшырмасы берилди.

Ошондой эле маркумдун үй-бүлөсүнө резервдик фонддон 50 миң сом бөлүп берүү тапшырылды. Буга чейин, тактап айтканда, 2021-жылдын декабрь айында “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери каза болгон эки жол кырсыгы катталган. Бул иштердин бардыгына айдоочулар себепкер болгон.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button