Казакстанда коронавирустун «омикрон» штаммын жуктургандар аныкталды
Казакстанда коронавирустун «омикрон» штаммы аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине шилтеме берип Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Аны Нур-Султан шаарынан бир киши, алматылыктардан жети адам жуктуруп алган.
Буга чейин коңшу өлкөнүн борбор калаасы Нур-Султанда эпидемиологиялык абал кескин начарлап кеткендиктен шаар кайрадан «кызыл зонага» кирип калганы айтылган болчу.
«Омикрон» штаммы табылып, ошондой эле эпидемиологиялык эрежелер бузулганына байланыштуу Нур-Султан кайрадан «кызыл зонага» кирди», — деп айтылат кабарда.
2021-жылдын 20-ноябрында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Түштүк Африкадагы Ботсвана өлкөсүндө коронавирустун B.1.1.529 аттуу жаңы штаммы катталганын, анда патоген клеткаларды жугузуучу S-белоктун 32 мутациясы бар экенин билдирген. Адистер аны грек алфавитинин 15-тамгасы менен «омикрон» деп атады.
Учурда аталган штаммдын ондогон мамлекетке жайылып кеткени белгилүү. Бул штамм азырынча Кыргызстандан чыга элек.