Саясат

Ташиев: Казак тараптын жалган маалымат таратканын дүйнөлук коомчулук билиш керек

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев билдирүү жасап, кыргызстандык жарандар коңшу Казакстанга өтүп, башаламандык уюштурбаганын билдирди.

«Казакстанда болуп өткөн башаламандыктарга бир жактуу пропаганда аркылуу кыргыз коомчулугун күнөөлөөгө болгон аракетти жокко чыгаруу биздин милдет, себеби чындыгында Кыргызстандан эч кандай атайын даярдыктагы адамдар коңшу мамлекетке өтүп, башаламандык уюштурууга катышкан эмес. Мүмкүн кээ бир мекендештерибиз ар түрдүү жагдайларда аралашып калышы ыктымал, бирок эч кандай «террорист» болушу мүмкүн эмес! Ошондуктан «Жапайы Армандын» сөзү, В.Рузахуновду сүйлөткөндөрү баары жасалма. Жалган маалыматтар, дүйнөлүк коомчулук жана биздин боордош казак элибиз билиши керек, кыргыз эли Казакстан мамлекетине тынчтык, бакубаттуулук жана биримдик каалайт», — деп айтылат билдирүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button