Кыргыз пианисттери Россиядагы жаш музыканттардын конкурсунда эл аралык сынактын лауреаттары болушту

П. Ф. Шубин атындагы борбордук балдар музыкалык мектебинин тарбиялануучулары эл аралык аренадагы жаңы жетишкендиктерге жетишти.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Санкт-Петербург шаарында РФнын Маданият министрлигинин колдоосу менен «Кичинекей Моцарт» аттуу жаш музыканттардын бүткүл россиялык эл аралык кароо-сынагы өттү.

Аталган иш-чарада кичинекей кыргызстандыктар классикалык фортепиано номинациясында байгелүү орундарды ээлеп, эл аралык сынактын лауреаттары болушту.

I даражадагы диплом – Асамбаева Бермет (12 жаш), мугалими Баранникова Любовь Вячеславовна.

II даражадагы диплом – Несынов Владислав (9 жаш), мугалими Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери – Хорошева Ирина Васильевна.

II даражадагы диплом -Михайлова Агата (11 жаш), мугалими Панжинская Ольга Никифоровна.

Дипломант – Екатерина Петрова (8 жаш), мугалими Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери – Хорошева Ирина Васильевна.

Мугалимдер уюштуруу тобунун ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты.

Москвада музыканттардын эл аралык жаңы жылдык марафону да өттү. Бул балдар үчүн көп жанрдагы сынак.

I даражадагы лауреат – Эргешбаева Аделина (11 жаш), мугалим Гусева Ирина Константиновна.

Мугалим уюштуруу тобунун ыраазычылык каты менен сыйланды.