Саясат

Президент Садыр Жапаров депутат Мадумаров менен Нарматовага катуу жооп берди

Президент Садыр Жапаров «Вечерний Бишкек» басылмасына маек куруп, парламент депутаттары Адахан Мадумаров менен Орозайым Нарматованын суракка чакырылышы боюнча жооп берген. Мамлекет башчы Мадумаров менен Нарматованы «коррупция жана башка темаларда элге акыл үйрөтөрдөн мурда, өзүң таза болушуң керек» деп жооп берген.

«Өздөрү кылмыш кылып коюшуп, анан эмнеге Камчы экөөбүздү коркутушат. Же 2009-жылы Мадумаровду Камчы экөөбүз колунан жетелеп барып жер бердирдикпи? Же 2013-жылы ЖАМУдан Орозайымга Камчы экөөбүз жасалма диплом алып бердикпи? «Колуң менен кылганды мойнун менен тарт» дейт кыргызда», — деп жооп берген Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Мадумаров жөнүндө кенен токтолуп, Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча ал кол койгон протоколду «чыккынчылык» деп атады.

17-январда Жогорку Кеңештеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров Башкы прокуратурада сурак берип жатканы белгилүү болгон. Ал 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы кезинде кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу күбө катары экинчи жолу суракка чакыртылган.

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын дагы бир депутаты Орозайым Нарматова Улуттук коопсуздук комитетине диплому боюнча 14-январда сурак берип чыккан. Атайын кызмат депутат Жалал-Абад мамлекеттик университетинен алган дипломуна байланыштуу чакырылганын билдирген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button