Кыргызстанга пакистандык ишкерлер келди

Кыргызстанга пакистандык ишкерлер келди. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, экономикалык дипломатия боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында КР Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги менен биргеликте пакистандык ишкерлердин Кыргызстанга сапарын уюштурган.

Пакистандын ири жана орто бизнес өкүлдөрү болгон 13 компаниянын жетекчилеринен турган бизнес делегациясы 18-февралдан 21-февралга чейин Кыргызстанда болот.

“Пакистандык делегациянын иш сапарынын алкагында КР Экономика жана коммерция, Энергетика министрликтеринин, Инвестиция жана өнүктүрүү боюнча агенттиктин жетекчилиги менен иштиктүү жолугушуулар пландаштырылууда.

Ошондой КР Соода-өнөр жай палатасынын жетекчилиги менен жана Кыргызстандын потенциалдуу бизнес өнөктөштөрү менен бир катар “B2B” форматында жолугушуулар пландаштырылууда», – деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Пакистандык делегация үчүн ошондой эле «Бишкек» эркин экономикалык аймагы, «Каракол» эркин экономикалык аймагына, тоо лыжа базаларына, ошондой эле инвестициялык жагымдуулугу жогору болгон башка өндүрүш объектилерине сапарлар уюштурулат.

Сапарды уюштуруунун максаты – пакистандык инвесторлорду Кыргызстандын экономикасынын приоритеттүү багыттарына тартуу, эки тараптуу сооданы, туризм тармагын өнүктүрүү жана өз ара кызыкчылык туудурган тармактарда биргелешкен ишканаларды түзүү болуп саналат.