Улуттун башаты – эне тил

21-феварль Эл аралык эне тил күнүнө карата ИИМдин атайын багыттагы полкунда “Улуттун башаты – эне тил” аттуу поэзия кечеси болуп өттү.


Эне тил. Кулакка кандай жагымдуу угулат. Ар бир тил өзүнө ыйык, өзүнчө керемет. Дүйнөдө канча тил босо, ошол тилде сүйлөгөн улуттун баары өз эне тилинин түбөлүктүүлүгүн барктап-баалап, кадырлоо, маданий баалуулуктарды, улуттук нарк-насилди көздүн карегиндей сактап, урпактарга улантуу ар бирибиздин жарандык милдетибиз. Тилдер биздин материалдык жана мүдөөлүк мурастарыбызды сактоонун жана өнүктүрүүнүн эң күчтүү куралы катары эсептелинет. Эне тилди жайылтууга болгон бардык кадамдар тилдик түрдүүлүктү жана көп тилдүү билим алууга, дүйнө боюнча тилдик жана маданий салттар менен таанышуу өнүгүүсүнө гана көмөк көрсөтпөстөн, бири-бирин түшүнүү негизиндеги тилектештикти, чыдамдуулукту жана пикир алышууну чындайт.


Аталган кече Кыргыз Республикасынын Бишкек-Чүй адабий кайрыктарынын мүчѳлѳрүнүн катышуусу менен өттү. Поэзия кечесин полктун командиринин орун басары милициянын полковниги К.Ашыров ачып, өздүк курамды келе жаткан Эл аралык эне тил күнү менен куттуктады. Андан соң Бишкек-Чүй адабий кайрыктарынын мүчѳлѳрү өздѳрүнүн калемине таандык ыр саптарын окуп берди. Поэзия кечеси андан ары Атайын багыттагы полктун кызматкерлери өздөрү авторлук кылган жана башка көрүнүктүү акындарыбыздын ырларын окуп берүү менен уланды.


Аталган иш-чаранын негизги максаты ар бир улуттун тилин өзгөчөлүгү каада-салты маданияты менен таанышуу жана ар бир тилдин баалулугун даңазалоо.
Эне тил күнү катары 1999-жылы ЮНЕСКО тарабынан бекитилип, 2000-жылдан тарта белгилене баштаган. Дүйнөдө канча улут болсо, ошончо тил болот эмеспи, ал эми көп түрдүүлүк, көп маданияттуулук өлкөнүн, дүйнөнүн байлыгы. Эне тил – бул мамлекеттеги улуттардын ортосундагы байланыштын, пикир алышуунун куралы.

ИИМдин Атайын багыттагы полкунун басма сѳз кызматы