Коом

Бишкекте 13 жаштагы кыздын зордукталышы. Милиция кызматкери кармалды

18-февралда Бишкектеги Биринчи Май РИИБге 13 жаштагы кыздын апасы арыз менен кайрылган. Ал өз арызында анын 2008-жылы туулган кызын Кулиев көчөсүндөгү үйдө 16-февралда саат 21:00 чамасында зордуктаган жаранга чара көрүүнү суранган. Аталган факты каттоого алынып, Жазык кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 2003-жылы туулган жаран кармалган.

Ошол эле учурда соцтармактарда кызды 3 милиция кызматкери зордуктаганын жазып чыккан. Соцтармакта жарыяланган маалымат боюнча Биринчи май райондук милициясынан Бишкек ШИИББинде тийиштүү текшерүү дайындалганын жана анын жыйынтыгы кошумча маалымдана турганын билдиришкен.

3-мартта милиция кызматкерлери тарабынан Свердлов РИИБдин участкалык кызматкер кармалган. 1998-жылы туулган шектүү Бишкек ШИИБдин убактылуу карамоочу жайына киргизилген. Тергөө уланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button