Коом

УКМК: Москва жана Панфилов райондорунун сырттан окуган орто мектептеринен коррупциялык схема аныкталды

УКМК: Москва жана Панфилов райондорунун сырттан окуган орто мектептеринен коррупциялык схема аныкталды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Мамлекет башчысы С.Н.Жапаровдун тапшырмасынын алкагында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, бардык мамлекеттик кызматкерлердин билими тууралуу жасалма диплому болушу жана колдонулушу боюнча масштабдуу текшерүү иштеринин жүрүшүндө, Москва жана Панфилов райондорунун сырттан окуган орто мектептеринде Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин жарандарына орто билими тууралуу аттестаттарды мыйзамсыз берүү боюнча туруктуу коррупциялык схема аныкталды.
Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын жарандары ортомчулар аркылуу аталган окуу жайлардын жетекчилигине жасалма кабыл алуулар боюнча кайрылышкандыгы, алар окуу жылында өлкөнүн аймагынан тышкары жактарда жүргөнү жана сабактарга катыша албаганы, ошондой эле мамлекеттик экзамендерди тапшырбагандары такталган.
Аталган жооптуу документтерди мыйзамсыз бергени үчүн окуу жайлардын жетекчилиги 300дөн 600 АКШ долларга чейин акча каражатын алып турушкан.
Алдын ала маалыматтар боюнча, мекеме Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жакта жүргөн студенттерге 52 орто билими тууралуу аттестаттарды берген.
Азыркы учурда КР УКМК тарабынан чогултулган материалдардын негизинде тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button