ИИМ: Үй-бүлөдөгү тынчтык, сый-урмат эң кымбат нерсе экенин унутпаш керек

Ички иштер министрлиги үй-бүлөлүк зомбулук, балдарга карата зомбулук көйгөйлөрү жөнүндө жарандардын маалымдуулугун жогорулатуу, бул көйгөйлөрдү алдын алуу боюнча иштерди тынымсыз жүргүзүп келүүдө. Ошондой эле, башка мамлекеттик органдар жана коомдук уюмдар менен өз ара кызматташууда зомбулукка кабылгандарды социалдык, укуктук жана психологиялык жактан жардам көрсөтүү боюнча биргелешкен иш-чараларды ишке ашырууда.
2021-жылдын октябрында үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча иштерди активдештирүү максатында ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын курамында үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу жана милициянын көчмө кабылдамаларынын ишмердүүлүгүн координациялоо боюнча жаңы бөлүм түзүлгөн. Жаңы бөлүмдүн негизги милдеттери үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, жарандардын корголуу деңгээлин жогорулатууга, укук бузуулардын деңгээлин төмөндөтүүгө багытталган чараларды көрүү болуп саналат. Мындан тышкары алардын милдеттерине үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу жана эскертүү боюнча ИИОнун бөлүмдөрүнүн ишин координациялоо, ошондой эле милициянын көчмө кабылдамаларынын ишин көзөмөлдөө, үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу жана эскертүү боюнча иш-чараларды уюштуруу кирет. Ошондой эле, алдын алуу органдары жана коомдук уюмдар менен биргеликте үй-бүлөлүк зомбулукту болтурбоо жана зомбулуктун терс кесепеттерин жоюу боюнча программалык документтерди иштеп чыгууга жана аны ишке ашырууга катышууга, ошондой эле калкка заманбап сервистик кызматтарды көрсөтүүгө, милициянын көчмө кабылдамалары тарабынан коомдук тартипти сактоого, кылмыштуулуктун алдын алууга жана укук бузуулардын ар кандай түрлөрүн болтурбоого багытталган иш-чаралардын комплексин ишке ашыруусу зарыл.
Бөлүмдүн ишинин негизги багыттары үй-бүлөдөгү зомбулуктун себептерин жана шарттарын алдын алуу, аныктоо, жоюу болуп саналат.
2021-жылдын декабрында жаңы кылмыш-жаза мыйзамдары күчүнө киргенден кийин Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 70-беренеси (Үй-бүлөлүк зомбулук) боюнча укук бузуулар жөнүндө 167 протокол түзүлүп, сот органдарына жөнөтүлгөн. Соттун токтому менен 56 жаран камакка алуу түрүндө, коомдук иштерге тартуу түрүндө 99 жаран жазаларын алышкан.
2022-жылдын январь айында Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 70-беренеси боюнча (Үй-бүлөлүк зомбулук) 297 протокол түзүлгөн. Соттун токтому менен 147 жаран коомдук иштерге тартуу түрүндө, ал эми 101 жаран камакка алуу түрүндө жазаларын алышкан.
Мындан тышкары, кылмыш дагы жасалганы аныкталган. 2021-жылдын декабрь айында Кылмыш-жаза кодексинин 177-беренеси “Үй-бүлөлүк зомбулук” боюнча 1 факт катталган. 2022-жылдын январь айында ушул берене боюнча 7 кылмыш иши козголгон.
ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынынын маалыматы боюнча 2022-жылдын эки айында 1559 үй-бүлөлүк зомбулуктун учуру маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталган. Республиканын ички иштер органдары тарабынан үй-бүлөлүк зомбулук жасагандарга карата 1288 убактылуу коргоо ордерлери берилген. Анын ичинде үй-бүлөлүк зомбулук жасаган эркектерге-1220 (95%) жана аялдарга-68 (5%) убактылуу коргоо ордерлери берилген. Анын ичинен 110 убактылуу коргоо ордерлеринин мөөнөтү узартылган. Аймактарга бөлүп карасак, Бишкек шаары-559, Чүй облусу-292, Ош шаары-43, Ош облусу-80, Баткен облусу-29, Жалал-Абад облусу-88, Ысык-Көл облусу-106, Нарын облусу-48, Талас облусу-43.
2022-жылдын январь жана февраль айларында ички иштер органдары тарабынан үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан аялдарга-1200, эркектерге-69, жашы жете электерге-39, анын ичинен эркек балдарга-13 жана кыздарга-26 убактылуу коргоо ордери берилген.
Эске салабыз, 2021-жылдын декабрь айында жаңы кылмыш-жаза мыйзамдары күчүнө кирип, үй-бүлөлүк зомбулук үчүн жазалар күчөтүлгөн.

ИИМдин Басма сөз кызматы