Бишкекте өкүл энесин бычактаган адам 10 жылга кесилди

Мас абалында өкүл энесине бычак сайган адамды сот 10 жылга кести. Өкүм Жогорку Соттун расмий сайтына жарыяланды.

Окуя былтыр, 2021-жылы 17-ноябрда болгон. Анда Бишкек шаарынын тургуну өкүл энеси менен ири суммадагы карызына байланыштуу жаңжалдаша кетип, бычак сайган. Жабыркаган аял ооруканага жеткирилип, бычак сайган өкүл уулу убактылуу кармоочу жайга түшкөн.

Окуянын чоо-жайы:

49 жаштагы М.А.Р. аттуу адам А.Т. аттуу ашпозчу аял менен жарандык никеде жашай баштаганда, аялынын иш берүүчүсү Э.Ш. аттуу аялды өкүл эне кылып алышкан. Өкүл энесинин Бишкекте эки үйү болгондуктан анын бирөөсүн сатып алмак болуп, өздөрү насыя ала албагандыктан өкүл энеси өз атына 1 миллион сом насыя алып берген. Андан 5 миң долларды үйдүн акчасынын бир бөлүгү катары берип, калганын турак жайды оңдоп-түзөөгө жана башка муктаждыктарына короткон.

Насыяны башында 2-3 ай төлөп, кийин төлөбөй калышкан. Бир күнү аялы экөө уруша кетишкенде чочулаган өкүл энеси калган 650 миң сом карыз экендиги тууралуу тил кат жаздырып алган. Ал кеткенден кийин “күйөөңө ишенбейм, төлөбөй коёт, сен жазып бер” деп аялына дагы тил кат жаздырткан.

Аялы ал тил каттын сүрөтүн күйөөсүнө жөнөткөндө, ал “эмнеге эки тил кат жаздырат” деп мас абалында өкүл энесине чалып, экөө уруша кетишкен. Өкүл энеси жаңжал учурунда “үйдү бошотуп кой” деп айткан. Көп узабай эле өкүл энеси келип, үйгө кирип бара жатканда далысына бычак сайып жиберген. Ошол учурда үйдөн чыккан аялы ажыратып, “Тез жардам” чакырган.

Өкүм:

Ишти 9-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту карап, айыпталуучу М.А.Р. аттуу адамды күнөөлүү деп тапкан. Аны 10 жылга эркинен ажыратып, жалпы тартиптеги абакта жазасын өтөөнү өкүм кылган.