Без рубрики

Ысык-Көлдө ДЦП менен жабыркаган 16 жаштагы кыз зордукталып, боюна бүткөн

Ысык-Көлдө ДЦП менен жабыркаган 16 жаштагы кыз зордукталып, боюна бүткөн. Маалыматты ММК булактары жазып чыгышкан. Бул маалыматты  Ысык-Көл ОИИБден да тастыкташты.

«Факт катталган. Билдирүү Түп райондук социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан келип түшкөн. Азыркы учурда бул иш материалы боюнча соттук-медициналык экспертизасы дайындалып иликтөө амалдары жүрүп жатат. Арыз 1-апрелде түшүп, ошол күнү катталган. Башка маалымат бере албайбыз. Иликтөө амалдары жүрүп жатат»,— дешти алар.

Ал эми жергиликтүү ЖМКлар өз булактарына таянып, энеси ДЦП менен жабыркаган кызын жуунтуп жатып, курсагы чоңоюп кеткенин көрүп, УЗИге алып барган. Дарыгерлер кызынын боюнда бар деген бүтүм чыгарышканын жазып чыгышты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button