ЖКККББ: Өлкөдө бир суткада 30 жол кырсыгы катталды

ЖКККББ: Өлкөдө бир суткада 30 жол кырсыгы катталды.
2022-жылдын 5-майына карата республика боюнча сутка ичинде 30 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 43 адам ар кандай оор жаракаттарды алышты. Катталган жол кырсыктарынын жалпы санынын ичинен 17 учур оң рулдуу унаалардын катышуусунда болгон, бул сутка ичинде катталган кырсыктардын 56 пайызын түзөт, алардын кесепетинен 25 адам ар кандай оор жаракаттарды алышкан.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ЖКККББ жол кыймылынын бардык катышуучуларына кайрылат. Урматтуу жол кыймылынын катышуучулары, коопсуздук ар бириңиздердин колуңуздарда, унаанын ичинде сиздин жаныңызда келе жаткан, жакынкы унаада бара жаткан, сиз тааныбаган адамдын коопсуздугу сизден көз каранды экенин эстен чыгарбаңыз!
КР ИИМдин ЖКККББ Басма сөз кызматы