Түлөбаев чиновниктин айынан аферист атка конгонуна даттанды

Депутат Балбак Түлөбаев мурдагы Суу чарба департаментинин жетекчиси Алмазбек Сокеевдин айынан аферист атка конгонун бүгүн, 23-сентябрда ЖКнын агрардык комитет, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү комитетинин жыйынында билдирди.
Айтымында, учурдагы айыл чарба министринин суу ресурстары, айыл чарба жана кайра өндүрүү өнөр жайы боюнча орун басары Алмазбек Сокеев аталган департаменттин жетекчиси болуп турганда, 2021-2022-жылдары ар бир райондогу бирден каналды оңдотууну убада кылган, бирок ушул убакка чейин аны аткарбай келет.
«Тоң районундагы каналды курууну да убадалаган болчу. Бирок эки жылдан бери убадасын аткарбай келатат. Адамдарды бөлүп-жаруу болуудабы? Башкача айтканда, ири айылдарда жашаган адамдар — адамдар дагы, чакан айылдын эли адам эмеспи? Бул жерде бизге берген убадаңарда биз элге жеткиребиз, анан силер убадаңарды аткарбайсыңар, а эл бизди аферист деп ойлошот», — деди Түлөбаев.



