Латвияда чек арачыга пара сунуштаган Кыргыз жараны 5 миң евро айыпка жыгылды

Латвиянын прокуратурасы чек арачыга пара сунуштаган Кыргыз жаранына 5 миң евро айып пул салды. Бул тууралуу чет элдик ЖМКлар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, 5-майда Силен пунктунда Латвиянын чек арачылары унаасын техникалык кароодон өткөрбөй чек арадан өтүүнү каалаган кыргызстандыкты аныкташкан. Жаран чек арадан тоскоолдуксуз өтүү үчүн пара сунуштаган. Пара берүүгө шектелген 63 жаштагы жаранга кылмыш иши козголду. Эми ал айып пул төлөйт.