Коом

Ошто көп кабаттуу үйдөн секирүүгө аракет кылган 17 жаштагы кыз куткарылды

Ошто өз өмүрүн кыюуга аракет кылган 17 жаштагы кыз куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 112 кызматына Масалиев көчөсүндө курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн 11-кабатында бир кыз өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине төрт куткаруучу тартылып, аталган кызды түшүрүп, алгачкы медициналык жардам көрсөтүшкөн. Андан соң ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button